Бишкекте пандемиядан кийин биринчи жолу “Өлбөс полк” жүрүшү өтүүдө

Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жөө жүрүшү өтүүдө.

Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Өчпөс отко чейин уланат. Иш-чара коронавирус пандемиясынан бери биринчи жолу өткөрүлүүдө. Жөө жүрүшкө миңдеген жарандар катышууда.