Бишкекте Сайпидин кызы Бурулайды жолдошу издеп жатат. Ал 1 жумадан бери дайынсыз болууда

Бишкекте Сайпидин кызы Бурулай изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИбден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-мартта милицияга анын жолдошу кайрылып, 1992-жылы туулган жубайы ошол эле күнү саат 10:00 чамасында Бишкектеги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштаган. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0(557) 11-94-10, 0(701) 28-28-19, 0(702) 49-88-88 номурларына чалсаңар болот.