Бишкекте секирем деп коркутуп, 8-кабаттан боюн таштаган жигит ооруканага жетпей көз жумду

Бишкекте секирем деп коркутуп, 8-кабаттан боюн таштаган жигит ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 27-октябрда саат 12:39 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына жигиттин Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өз боюн таштайм деп коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Октябрь РИИБдин жетекчилиги жана шаардык милициянын кызматкерлери барып, керектүү иштерди жүргүзүп жаткан. Бирок ал иштерден майнап чыкпай, 1999-жылы туулган жигит боюн таштады.

Тез жардам кызматкерлери аны 4-шаардык ооруканага жеткирүүгө аракет кылышкан, бирок ал ооруканага жетпей көз жумду.