Бишкекте ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот

Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Күн мурун Кыргызстанга Pfizer компаниясынан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинасы үчүн эриткичтер келген. Бүгүн, 30-августта Pfizer вакцинасынын партиясын Бишкек шаарынын эмдөө пункттары, андан соң аймактар алышат.

Борбор калаада эмдөө жакынкы убакта, болжолу эртең башталат. Жашаган жер боюнча ҮМБлардан эмделүүгө болот.