Бишкекте үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан кыз менен баланы милиция таап берди

Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен өспүрүмдөрдү таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 27-октябрда саат 14:15 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Чуйков көчөсүнөн эки бала жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 2016-жылы туулган кыз жана 2018-жылы туулган бала үйүндө ойноп жатып чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендиги аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Ибрагимов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен өспүрүмдөрдү таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришти.