Бишкектеги 3 адамдын өлүмү. Депутат дагы бир УКМК кызматкеринин үй-бүлөсүндөгү зомбулук фактысын айтты

Депутат Дастан Бекешев Бишкекте уулу жана кызы менен чогуу өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча үн катып, ага 2 жума мурдагы дагы бир УКМК кызматкеринин аялы кайрылганын айтты.

«Бишкекте аял балдары менен мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шектүү УКМКнын мурдагы кызматкери. Депутаттыкка талапкер дагы болчу. Мен дагы бир мага 2 жума мурда кайрылган аялга кайгырып жатам. Ал да УКМКнын кызматкерине нааразы болгон. Ал анын жолдошу экенин айтып, күйөөсүнөн зомбулук көрөт экен. Каякка кайрылса дагы карашпайт. Ал аялды эч ким коргой албайт», — деди ал.