Бишкектеги 3 көчө бир тараптуу болот

Бишкектин бир катар көчөлөрү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алган. Ошентип, бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда:

— Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
— Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
— Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

«Бул чаралар көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, жол кырсыкты азайтуу, тыгын көйгөйүн чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана коомдук транспортту жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлөт»,— деп айтылат маалыматта.