Бишкектеги айрым көчөлөр кеңейтилип жатат

Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Курулуш иштери Айтматов — Горький көчөлөрү, Байтик Баатыр — Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлор орнотулат.