Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштей баштайт

toys in kindergarten

Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектепке чейинки уюмдар кичи топторго бөлүнбөй иштейт. Мындай чечимди бүгүн шаардык мэриянын алдындагы эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссия кабыл алды. Бишкек шаарынын райондорунун башчыларына жана мэриянын билим берүү бөлүмүнө мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын белгиленген талаптарга жана ченемдерге ылайык тамак-аш менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылган. 

Муниципалитет бекитилген алгоритмдерге байланыштуу ата-энелер бала бакчалардын дарбазасынан киргизилберин кошумчалашты.