Бишкектеги дүкөндүн алдынан жылан табылды

Бишкекте дүкөндөн кармалган жылан коопсуз жайга коё берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Борбор калаанын Биринчи Май районундагы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн астына жылан кирип кеткен.

Аталган дарекке барган Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 2 куткаруучусу жыланды кармашкан. Андан соң аны шаар тургундарына зыян келтирбейт турган коопсуз жайга коё беришкен.