Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мугалимдин окуучуга карата күч колдонгондугу тууралуу окуя боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган окуя 2026-жылдын 25-мартында А.П. Гайдар атындагы №22 жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Окуядан кийин окуучунун ата-энеси мектепке чакырылып, алар тарабынан мугалимге карата эч кандай доо жок экендиги билдирилген. Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Э.Г. 2026-жылдын 16-апрелинен тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулган.