Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын даректери

Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын даректери
Бишкек шаардык мэриясы Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын даректерин жарыялады. Ленин районунун аймагында 7 көмүр базасы бар: Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү); Мурманск көчөсү 45/2 дарегиндеги “Кара-Тоо” ЖЧКсы (мурдагы "Торг-Синтез" ЖЧКсы) (Кара-Жыра көмүрү); Мурманск көчөсү 122, 122а дарегиндеги “Береке” ЖЧК (Кара-Кече көмүрү); Мурманск көчөсү 1Б дарегиндеги “Беш Сары" ЖЧК (Кара-Кече көмүрү); Коргоо министрлигинин Дэн Сяопин 306а дарегинде жайгашкан көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү); Дэн Сяопин проспекти 308/4 дарегиндеги “Болотбеков” жеке ишкер (Кара-Кече көмүрү); Мурманск көчөсү 1Б дарегинде, түштүк тараптан киргенде “Золотая корпорация” ЖЧК (Шабыркүл көмүр). Октябрь районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги: "Төкөлдөш" конушу "Аламүдүн" станциясында "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧК. Свердлов акимиатынын аймагындагы көмүр сатуу пунктунун дареги: Достоевский көчөсү №1 дарегинде ИК «Гефест» 1 отун базасы бар.