Бишкектеги көп кабаттуу үйгө Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү тартылды

Бишкекте кыргыз киносунун белгилүү актёрлору Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү тартылган дубал пайда болду. Константин Конкин сүрөттү Фейсбук баракчасына бөлүштү.

Маалыматка караганда, имарат Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Монументалдык картинада режиссер Төлөмүш Океев тарабынан 1975-жылы Чыңгыз Айтматовдун алгачкы повестинин негизинде тартылган советтик «Кызыл алма» көркөм тасмасына шилтеме жасалган. Белгилей кетсек, мурда бул дубалда эки кит жана баланын сүрөтү бар болчу. Бирок мурал массалык нааразычылыктарды жаратып, эл аны жаштар арасында белгилүү жана кооптуу «Көк кит» оюнун жайылтууда деген ойлорун айтышкан.