Бишкектеги мурдагы 4-оорукананы Гулия Кожокматова эмес, Дамир Дүйшөнов жетектейт

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Тез жардам ооруканасынын тактап айтканда, мурунку 4-ооруканын жаңы башкы дарыгерин дайындады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оорукананы башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектейт. «Буга чейин тиешелүү документтер кайра катталганга чейин директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалган. Бирок Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун аталышы өзгөртүлүп, Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп иштей турганына байланыштуу директорлук кызмат жоюлду», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган Гулия Кожокматованы ооруканага киргизбей коюшкан.