Abank july
SerepTV Logo

Бишкектеги соода борборлорунда балдар аянтчалары ачылды

Бишкектеги соода борборлорунда балдар аянтчалары ачылды
Бишкек шаарындагы соода борборлорунда балдар аянтчалары иштеп баштайт. Уруксат берилгенин мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 2-июнда маалымдашты. Соода борборлорундагы балдар аянтчалары ишин 1-июнда баштаган. Бирок бардык санитардык талаптар сакталышы керек. Аянтчанын жарымы гана толуп, аралыктар сакталып, жетекчилик тазалыкка көңүл бурууга милдеттүү. Коронавирус жуктурган бейтаптардын саны өскөнүнө байланыштуу 1-апрелден тартып Бишкек шаарындагы соода борборлорундагы балдар аянтчалары алгач 2 жумага жабылган. Андан кийин эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынып, мөөнөтү узартылып турган эле.