Бүгүн, 10-февралда Бишкектин 11-кичи районунда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө. Оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат», — деп билдирет мэриядан.
Өчүрүлүүчү даректер: 11-кичи район, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27-турак үйлөр, №94-бала бакча, жеке сектордогу үйлөр 20/1, 20/2, 20/3, 20/4, 20/5, 20/6, 20А, түрк мектеби. Байтик Баатыр көчөсүндөгү турак үйлөр № 3, 3/1, 3/4, 3А, 3Б, 3В, 3Г, Чалдовар көч., 91А (жатакана).










