Бишкектин абасы зыяндуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турат. Мындай маалыматтар IQAir тарабынан берилген.

Бүгүн, 12-декабрь саат 09:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын сапаты 295 AQI түздү. Бул абанын сапаты индекси өтө зыяндуу деп эсептелет. Рейтингдин сап башында Багдад шаары (Ирак) турат. Ал шаардагы абанын сапаты 340 AQI.