Бишкектин айрым аймактарында 28-июндан 9-июлга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аралыкта 1976-жылы пайдаланууга берилген жер алдындагы газ түтүктөрүн алмаштыруу жана ревизия иштери жүрөт. Газ өчүрүлүүчү аймактар: Садырбаев, Лев Толстой, Миңжылкыев, Тыналиев, Ала-Арча дарыясы, Масалиев көчөлөрү жана Жал-23, «Ротор» от казаны менен чектешкен аймактар.
«Газпром Кыргызстан» жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тамак-аш даярдоо үчүн альтернативдүү энергетика булагына өтүүнү сунуштады.