Бишкектин мектеп окуучулары менен мугалимдеринин дене табы күн сайын өлчөнөт

Бишкектеги окуучулардын жана мугалимдердин дене табы күн сайын өлчөнөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүчтөр журналдарга жазылат. «Бат кап режими сакталат, балдар колдоруна антисептик чачып турушат», — деди ал. Ал комиссия мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшергенин кошумчалады. «Медициналык пункт бардык мектептерде иштейт, дарыгерлер жана медайымдар иштеп жатышат», — деди ал.

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды.