Бишкектин мектептеринде кадимки коңгуроонун ордуна эми комуздун күүсү жаңырат

Бишкектин мектептеринде кадимки коңгуроонун ордуна эми комуздун күүсү жаңырат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоор азырынча №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99 жана 100 мектептерде иштейт.

Билим берүү уюмдары окуучуларды кыргыз элинин тарыхы, адабияты, каада-салты менен тааныштыруу максатында Нурак Абдрахманов, Асылбек Насридинов, Закирбек Дүйшөналиев сыяктуу залкар композиторлордун жана комузчулардын күүлөрүн тандап алышкан.