Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт
8-октябрдан тарта Бишкек шаарындагы №53 автобус каттамын 12 жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус тейлей баштайт.
Каттам «Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү Бишкек шаарынын каттамдык тармагын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда. Мындай каттамдар жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө, шаардын ар кайсы райондорунун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга, ошондой эле жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Коомдук транспорттун кыймылдуу курамын жаңылоо жана каттамдык тармакты өркүндөтүү жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга жана жол тыгындарын кыскартууга багытталган.