Бишкекте бир жолку иш-чаранын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду
Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда масштабдуу жашылдандыруу акцияларынын бири өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана шаарды жашылдандырууга кайдыгер карабаган 20 шаар тургуну да катышты. Бир тилкеге бир убакта бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң түп көчөт отургузулду. Алардын ичинен 5 263ү — гибрид терек, 700ү — тал жана 37си — алма дарагы. Жаңы отургузулган көчөттөрдү өз убагында сугаруу үчүн автоматтык сугат системасы орнотулду. Мындан тышкары, кошумча көп жылдык бадалдар жана гүлдөр отургузулат. Борбор калаанын мэри иш-чаранын бардык катышуучуларына активдүүлүгү жана шаарды жашылдандырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Бишкектин жашыл фондун көбөйтүү иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.
«Бүгүнкү иш-чарага активдүү катышканыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бүгүн биз бир жерге рекорддук көрсөткүчтө — 6 миң түп көчөт отургузуп жатабыз. Бул көчөттөрдү өзүбүз өстүргөнүбүздү өзгөчө белгилеп кетким келет. Алар — гибрид теректер. Мындан эки жыл мурун биз бул теректердин калемчелерин илимий-изилдөө институтунан материал катары алып келип, Бишкекте өстүрө баштаганбыз», — деди Айбек Жунушалиев.
Бардык көчөттөр Бишкек шаардык «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын питомнигинде өстүрүлгөн. Жыл аягына чейин шаар боюнча отургузулган дарактардын жалпы санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.