Бишкекте оптималдаштыруунун алкагында №40 каттам экиге бөлүндү
Бишкек шаарында коомдук транспорттун каттамдарын жакшыртуунун алкагында №40 автобус каттамы эки өзүнчө — №40 жана №44 каттамдарына бөлүндү.
№40 автобус каттамы «Жаңы ипподром — Чыңгыз Айтматов проспектиси» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттамды экиге бөлүү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө, автобустарды күтүү убактысын кыскартууга жана коомдук транспорттун жүрүү ылдамдыгын жогорулатууга шарт түзөт.
Бул иштер автобус паркын натыйжалуу пайдаланууга, жол тыгындарын азайтууга, шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга жана тургундар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жаңы бөлүштүрүүгө ылайык, каттамдардын жүрүү схемалары жана аялдамалары такталат. Бишкек шаарынын коомдук транспортунун каттамдык тармагын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.