SerepTV Logo

Бишкектеги жаңы автобекет пайдаланууга берүүгө даярдалып жатат

Бишкектеги жаңы автобекет пайдаланууга берүүгө даярдалып жатат
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө объекттин учурдагы даярдык деңгээли каралды. Бүгүнкү күндө негизги имараттагы курулуш иштеринин 93-95%ы аткарылып, аймакты жашылдандыруу иштери 96%га жетти. Муну менен катар аймакты көрктөндүрүү иштери да активдүү жүргүзүлүүдө.

Жаңы автобекет 26 гектар аянтта жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 30 000 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу комплекс 7 блоктон, 2 эскалатордон, 4 бир орундуу жана 4 кош лифттен турат. Текшерүүнүн жүрүшүндө Каныбек Туманбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык курулуш жана инженердик иштер жогорку сапат жана ишенимдүүлүк талаптарына жооп бериши керектигин белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында калган иштерди бүткөрүү, сапатты камсыз кылуу жана объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Жаңы автобекет пайдаланууга берүүгө даярдалып жатат.

SEREP MEDIA