Бишкектин Гоголь көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
17-сентябрдан тартып Гоголь көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Буга чейин аталган тилкеде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы бул жерде жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларды оңдоо жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган. Айдоочуларга жана шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.