«Биз акча албайбыз» деген балакай жол тескөөчүлөргө милиция барды

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары балакай жол тескөөчүлөрдүн видеосу менен бөлүшкөн. Видеодон форма кийген, колуна таякча кармап, жолдогу унааларды тоскон балакайларды көрүүгө болот. Алар видеонун авторун коопсуздук курун тагынбаганына байланыштуу токтотушуп, айдоочунун унаасынын документин жана айдоочулук күбөлүгүн текшеришип, документтеги номур менен унаанын номуру дал келеби же жокпу карашкан. Андан соң видеонун автору аларга 50 сом сунуп, «буга суу ичип койгула, чын жүрөктөн берип жатам, жумуштан тышкары» деген. Бирок балдар «биз акча албайбыз, кете бериңиз» деп акчасын албай койгон.

Милициянын кайгуул кызматы балакайларга барып, белек беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. «Бөбөктөргө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, жетекчиликтин атынан белектерди тапшырды», — дешти.