«Биз кудабыз». «Дикий Арман» деп атыккан казак кримтөбөлүнүн апасы кыргыз элинен кечирим сурады

«Биз кудабыз». «Дикий Арман» деп атыккан казак кримтөбөлү Арман Жумагелдиевдин апасы уулунун атынан кыргыз элинен кечирим сурады. Мындай видео билдирүүнү кримтөбөлдүн жубайы Айкөл Аликжанова жарыялады.

Уулунун атынан аудио же видео кайрылуу жаздыруу ага мындай жабдууну ала кирүүгө тыюу салынганына байланыштуу мүмкүн болгон эместиги маалымдалат. Апасынын айтымында, уулу оюн туура эмес билдирип алган, ал чынында кыргыз элин аябай жакшы көрөт. «Кыргыздын кызы Айкөл Аликжанова мага биринчи неберемди тартуулады. Мен сиздерден кечирим сурайм. Биз жакын элбиз жана кудабыз. Биздин кечиримди кабыл алып, мындан ары жакшы мамиледе болобуз деп үмүт кылам», — дейт Арман Жумагелдиевдин апасы.


«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл коңшу Казакстандагы январь айында орун алган митингдердин жүрүшүндө кармалган.