Бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстандын УКМК башчысы менен Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри ок атышууну токтотуу боюнча протоколго кол коюшту. Кол коюлган соң, биргелешкен билдирүү жасашты.
”Биз кол койгон протокол эки өлкөгө тынчтык алып келет деп ишенем. Биз тынчтык үчүн аракет кылабыз”, — деди Камчыбек Ташиев.
“Биз тил табыштык. Протоколго кой койдук. Эми биздин чек арада тынчтык орнойт деп ишенем”, — деди Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов.









