Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
26-сентябрь күнү Каракол ШИИБге арыз менен Түп районунун 58 жаштагы тургуну кайрылып, 25-сентябрь күнү саат болжол менен 15:00 чамасында Каракол шаарынан 2012-жылы туулган баласы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон дайынсыз болуп жататкандыгын билдирген. Издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, дайынсыз өспүрүм Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына келип, алар менен жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.