Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен кыргыз кыз табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы Түркиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында бүгүн, 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышкан. Азыркы учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.