Болот Темировдун кармалышына байланыштуу АКШдан реакция жасалды

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына байланыштуу АКШдан реакция жасалды. «Эркин жалпыга маалымдоо каражаттары коррупцияга каршы күрөшүүдө өтө маанилүү роль ойнойт. Кыргыз Репсубликасынын коррупцияны жоюу боюнча аракеттериндеги ишенимдүү өнөктөшү катары АКШ басма сөз эркиндигин жана журналисттерди коргоодо жалпы милдеттенмелерди эске салат. Журналисттердин иши мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөктөшөт», — деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да соцтармактагы баракчасы аркылуу жогорудагы билдирүүнү бөлүшүп, аны кыргыз тилине которгон билдирүүлөр менен коштоду.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары  ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымындаНазаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.