Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнстанга барган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери яхта менен Каспий деңизин кезишти. Бул тууралуу түркмөн президентинин расмий сайтында айтылат.
Анын жүрүшүндө президенттер буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча ой бөлүшүшкөн. Алар түркмөн президентинин демилгеси менен уюштурулган Каспий деңизиндеги эл аралык иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти.
«Андан соң мамлекет башчылары автобус менен «Аваза» спорт комплексине барышты. Жолдо баратып Улуттук туристтик зонадагы заманбап объекттерге күбө болушту»— деп айтылат маалыматта.