Бейшемби, 04.09.2025
Бишкек booked.net
+10...+29° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бөрүбашев: «Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган вариантынан айырмаланат»

17:24 03.03.2021
0
Бөрүбашев: «Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган вариантынан айырмаланат»

Конституциянын жаңы редакциясы 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга коюлган вариантынан айырмаланаары чындык. Бул туурасында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Serep.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, 80 депутат демилгелеген мыйзам долбоору дароо сынга кабылгандыктан, долбоорго  алымча-кошумча киргизүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

«Конституциялык кеңешмеге мыйзам долбоорун карап чыгып, талкуулап, алымча-кошумча кылуу тапшырмасы берилген. Биз 2,5 ай талкууладык. Талкуулоо ишине эл өкүлдөрү, жарандык коом активисттери, юристтер катышып, миңден ашык сунуш келип түштү. Аларды эске алуу менен жазылган жаңы редакция 2-февралда Жогорку Кеңешке сунушталды. Биз депутаттарга караганда, ачык иштедик. Аягына өз фамилияларыбызды жаздык. «Мамлекеттик тилдеги текстинде каталар бар» деген доомат боюнча айтсам, Конституциялык кеңешмеге лингвисттерди дагы чакырып, алардын макулдугу менен жазганбыз.  Ар бир пункт үчүн жооп беребиз. Жоопкерчиликтен качпайбыз. Жалкоолук кылып, талкууга катышпай койгон депутаттар кайра долбоор талкууга алынган жок деп кантип айтып жатышат? Депутаттар өздөрү таарынбасын, көпчүлүгү окубайт экен. Биз өз ишибизди кылдык, эми депутаттар колунда турган оокатты өздөрү каалагандай өзгөртө беришсин. Кандай кылып кабыл алат, же кабыл албайбы, аны өздөрү чечсин«, — деп билдирди Бөрүбашев.

Ал арада «Институт Медиа Полиси» өз карандысыз уюму Конституциялык кеңешме сунуштаган жаңы долбоор мыйзам боюнча 9-мартка чейин коомдук талкууда болушу керектигин айтып, коңгуроо кагууда.

«Жогорку Кеңештин расмий сайтына 9-февралда жарыяланган маалыматка караганда, Баш мыйзамдын 17-ноябрда сайтка коюлган долбоору Конституциялык кеңешме жөнөткөн долбоорго алмаштырылган. КР мыйзамдарына ылайык, нормативдик-укуктук актылардын долбоорун бир ай коомдук талкууга коюш керек эле. Демек, коомдук талкуу 2021-жылдын 9-мартына чейин уланышы керек болчу.

Бирок белгилүү болгондой, ЖКнын профилдик комитети 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун карап, жактырды. 3-мартта депутаттар референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы долбоору менен чогуу карашты.  «КР Жогорку Кеңешинин регламенти тууралуу» 66-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатканда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өзгөртүүгө болбойт. Башкача айтканда, эми депутаттар өздөрү дагы Баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизе алышпайт«, — деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн депутаттар 87 добуш менен “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
18:25 04.09.2025
0

Эртең, 5-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32; Баткен,...

Нарындагы аба майданга алгачкы рейс конду (сүрөт)

Нарындагы аба майданга алгачкы рейс конду (сүрөт)

Автор Эдита Ильясова
16:56 04.09.2025
0

Бүгүн, 4-сентябрда Нарын районунун Кеңеш айылындагы "Нарын" аба майданына алгачкы рейс ийгиликтүү конду. Аны менен 53 жүргүнчү келген. Ошондой эле...

Эсептөө палатасы Билим берүү министрлигиндеги аудиттин жыйынтыктарын жарыялады

Эсептөө палатасы Билим берүү министрлигиндеги аудиттин жыйынтыктарын жарыялады

Автор Эдита Ильясова
16:37 04.09.2025
0

Эсептөө палатасы 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин...

Сумкасын жерге сүйрөп алган окуучунун видеосу тарады

Сумкасын жерге сүйрөп алган окуучунун видеосу тарады

Автор Эдита Ильясова
15:53 04.09.2025
0

Социалдык тармактарда сумкасын жерге сүйрөп келе жаткан окуучунун видеосу тарады. Видеодон бала башталгыч класстын окуучусу экенин байкоого болот. Эскерте кетсек,...

Министрлик мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертти

Министрлик мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертти

Автор Эдита Ильясова
12:18 04.09.2025
0

Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Камчы Көлбаевдин жан сакчысы «Узун Улан» кармалды

Камчы Көлбаевдин жан сакчысы «Узун Улан» кармалды

12:47 04.09.2025
Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды

Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды

14:04 04.09.2025
Сумкасын жерге сүйрөп алган окуучунун видеосу тарады

Сумкасын жерге сүйрөп алган окуучунун видеосу тарады

15:53 04.09.2025
5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:25 04.09.2025
«Орто-Сай» базарында пайдалуу сатып алууларды ишке ашырыңыз: MBANK ар бир сатып алуудан 10% кайтарат!

«Орто-Сай» базарында пайдалуу сатып алууларды ишке ашырыңыз: MBANK ар бир сатып алуудан 10% кайтарат!

18:19 04.09.2025
Өзбекстанда түрмөдө китеп окугандар үчүн жаза мөөнөтү кыскартылат

Өзбекстанда түрмөдө китеп окугандар үчүн жаза мөөнөтү кыскартылат

17:29 04.09.2025

АРХИВ

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
« Авг    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү