Ысык-Көлдүн Бостери айылында өрттөн эки баланы куткарган милициянын майору Бакытбек Максутов “Каармандык” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов Ысык-Көл РИИБге караштуу Бостери айылынын айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү, милициянын майору Бакытбек Максутовду ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан “Каармандык” ведомстволук медалы менен сыйлады. Бул сыйлык милициянын майоруна эки жашы жете элек баланы өрттөн куткарып, эрдик жана ыкчамдык көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды.
Окуя 17-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Бостери айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирден чыккан өрт жалынга айланып, коңшу жашоочуларды дүрбөлөңгө салган. Милициянын майору Бакытбек Максутов тажрыйбалуу офицер катары кырдаалды тез баалап, эч ойлонбостон жардам сураган балдардын үнүнө карай чуркаган. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен ал кара түтүн жана жалын каптаган батирден төрт жана тогуз жаштагы эки баланы чыгарып, аларды коопсуз жайга алып чыккан. Тез арада өрт өчүрүү кызматын чакырып, кырсыктын мындан ары жайылышына бөгөт коюлган. Куткарылган балдардын ата-энелери милициянын майорунун бул аракетине ыраазычылыгын билдирип, анын баатырдык жана жан аябастык сапаттарын баса белгилешкен.
Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...
Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...
Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...