Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдык мааракеси менен куттуктап: «Бул маараке жөн гана датаны белгилөө эмес, бул өлкөбүздүн жаштар саясатынын калыптанышындагы, жарандык активдүүлүктүн жогорулашындагы жана жаңы муун лидерлеринин өсүп-өнүгүүсүндөгү маанилүү этапты жыйынтыктаган өзгөчө күн», – деди.
Мындан тышкары, Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңешинин түзүлгөндүгү тууралуу кеп кылып: «Бул жаңы институт жаштар менен парламенттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү системдүү нукка салып, жаштардын сунуш-пикирлерин мыйзам чыгаруу процессине киргизүүгө, алардын демилгелерин колдоого жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда жаш муундун катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», – деди.
Жыйынтыгында Медербек Алиев жаштарды активдүү болууга чакырып: «Өлкөбүздүн бүгүнкү күнү гана эмес, эртеңки келечеги да сиздердин колуңуздарда. Мамлекет сиздерге чоң үмүт артып келет. Ал эми силердин милдет – ошол ишенимди актоо, коомдун кызыкчылыгын коргоо жана өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуу», – деп белгиледи.