"Боюндагы баласы менен төрөтканадан качууга аргасыз болгон". Эвакуацияланган 32 жаштагы келин уул төрөдү
Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Мастура Токтосун кызы Баткен шаарындагы төрөт үйүнөн качууга аргасыз болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал 16-сентябрда эртең менен кооптуу аймактан Кадамжай шаарына эвакуацияланган. Келин 17-сентябрга караган түнү төрөгөн. Кадамжай Жалпы дарыгерлик практикалык борборунда 2,5 килограмм салмактагы эркек бала төрөлгөн. Дарыгерлер төрөт учуру жакшы өтүп, баланын дени сак төрөлүшү үчүн колдон келгендин баарын жасашкан.
Мастур Токтосун кызы 32 жашта, бул анын бешинчи баласы. Күйөөсү жана дагы төрт баласы да Кадамжай шаарына эвакуацияланып, жакын арада үй-бүлө жолугат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ымыркайга ат коюла элек. «Эң негизгиси ал төрөлүп, ден соолугу чың», - дейт Мастура.