Бүгүн, 1-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн, ошондой эле референдумду өткөрүү үчүн бюллетендерди өлкө аймактарындагы шайлоо тилкелерине жиберди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин айтымында, аймактардан тышкары бюллетендер бүгүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине да жиберилет.
Белгилей кетсек, 11-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 12-мартта башталган.
Ошондой эле ал күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да болот.