Бюллетендердин 9,63 пайызы жараксыз. 116 миңден ашуун жарандын добушу эсептен чыгарылды

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендердин 9,63 пайызы же 116 миң 246сы жараксыз экенин маалымат жыйында билдирди. Туура эмес белгиленген, таптакыр белги коюлбаган жана башка бюллетендер эсептен чыгарылганы айтылды.

Соцтармакта жараксыз болуп табылган бюллетендердин санынын көптүгү талкуу жаратып жатат. Алар жаңы система менен добуш берүүнү жарандардын көбү түшүнбөгөн болушу мүмкүн дешүүдө.