БШКнын сайты кол менен саналып жаткан шайлоонун жыйынтыгын кайрадан көрсөтө баштады

Саат 10:00гө карата БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын сайты иштебей калган. Бир нече убакыттан кийин сайт кайра иштей баштады. Бул боюнча БШК комментарий бере элек.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин кечинде шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган сайтта мүчүлүштүктөр орун алды. 30-ноябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын көрсөтүүдө шайлоонун маалымат системасындагы катачылыктын себептерин түшүндүрдү