Саат 10:00гө карата БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын сайты иштебей калды. Учурда сайт иштебей турат.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин кечинде шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган сайтта мүчүлүштүктөр орун алды. 30-ноябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын көрсөтүүдө шайлоонун маалымат системасындагы катачылыктын себептерин түшүндүрдү.