«Бул жарыктык мага асылганын токтотподу». Диссертациясын таппай жаткан Бейшеналиевге Жумабеков өзү жооп берди

«Бул жарыктык мага асылганын токтотподу». Диссертациясын таппай жаткан Алымкадыр Бейшеналиевге 4-оорукананын мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков өзү жооп берди.

«Бул жарыктык мага асылганын токтотподу. Калптын баарын апыртып, сөз деп эле сүйлөй берсе болот деп… Менин диссертациямды издесе, кайдан табышты айтып берейин. Орусиянын Жогорку аттестациялык комиссиясында. Иван Сеченов атындагы Москва медициналык академиясында, мурунку Кыргыз улуттук аттестация комиссиясында жана өзүмдө бир экземпляр бар. Министрге салыштырмалуу мен Орусиядан кандидаттык жана докторлук диссертацияларымды жактагам. Менин дипломдорумду издеп жаткан экен. Көрсөтүп коёюн. 1987-1995-жылдары Крым медициналык университетинде ординатура жана аспирантура, докторантураны мөөнөтүнөн эрте бүтүп, 1995-жылы Иван Сеченов атындагы Москва медициналык академиясында, 1995-жылы 18-июнда докторлук диссертациямды 30 жашымда жактагам. Бул КМШ мамлекеттеринин ичинде ортопед-травматологтордун арасында жана Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш жактаган илимпоз деп айтылып келет. Министрдин дипломдорун да көргүбүз келет», — деп жазды Сабырбек Жумабеков.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясы табылбай жатканын маалымдаган.