«Бул лохотрон». Жогорку Кеңеште онлайн-казинону көрсөтүп берген депутат андан запкы жегендер көп экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында онлайн-казиного кирип, 7 жана 17 деген номурга акча коюп, утулуп, ушунун айынан запкы жеген үй-бүлөлөр бар экенин айтты.

«Ушинтип бүгүнкү күнү жүздөгөн, миңдеген жарандар ачык-айкын эле казиного кирип, ставкаларды коюп, жабыркап, сызга отуруп, канчалаган үй-бүлө запкы жеп жатат. Мен өз көзүм менен барып көрүп келдим. Үйүндөгү сыналгыны, апасынын шакек, чынжырчыларын уурдап барып сатып жатат. Унаасын алып барып сатып жатат. Мына мисалы, экөөбүз утулдук. Сайттын аты «Ринготрейд». Бишкекте 10, Ошто 2, Кара-Сууда 1 жерде кеңсеси бар. Тез арада ушуга окшогон сайттарды жабыш керек. Бул лохотрон. Муну анча-мынча адамдар билбейт. Көзөмөлгө алышыбыз керек»,- деди ал.