24-январь күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде 22 жаштагы жигитке таандык буюмдар табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн кайрадан ӨКМдин 21 куткаруучусу, РИИБдин 19 кызматкери, Кум-Бел айыл өкмөтүнөн 5 адам 6 топко бөлүнүп, көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүүдө.