«Буту, колу чыгып калган». Унаанын багажына мас абалындагы тууганын салып алган айдоочуга айып салынды (видео)

Кайгуул кызматкерлери авто ээнбаштык кылган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Социалдык тармактарда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын багажына белгисиз жаранды салып, буту көрүнүп, колу чыккан абалда унаа жүрүп бара жаткандыгы боюнча видео тасма жарык көргөн. Бул видео  чыгар замат кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, изи суй электе Ош базарынан жогорудагы унааны табышкан.

Тактоо учурунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 2001-жылы туулган айдоочусу өз сөзүндө унаанын багажындагы жаран тууган агасы экендиги жана мас абалында болгондугун айтып, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен унаанын багажына салып, Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга алып келип жаткандыгын билдирген.

Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочуга карата ээнбаштык жасагандыгы жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн, эки протокол толтурулуп, 8 миң 500 сом айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген. Кайгуул кызматы айрым айдоочуларга мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.