Арал постунда 20-ноябрга караган түнү саат 3:30да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Аймакты караган №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырымдар аралыгын (Ала-Бел ашуусу) тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат, каттам бар.
Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары Өтмөк жана Төө-Ашууда да аткарылууда, азыркы тапта унаа кыймылына чектөө жок.
Жети дубан жолдорун караган Жол тейлөө ишканалары тазалоо, инерттик материалдарды себүү менен катар, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат. Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.