Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышты. Абсамат Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде туулган, көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Нурланбек Шакиев: “Абсамат Масалиевич жөнөкөй жумушчудан башталган эмгек жолун талыкпаган аракет менен улантып, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин татыктуу басып өткөн. 1985-1991-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Биринчи катчысы болуп иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Бийик адамгерчилиги жана тазалыгы менен айырмаланган көсөм жетекчи кандай кырдаал болбосун, жеке кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгон. Көп улуттуу Совет мамлекети ыдырап, Кыргыз Республикасы түптөлгөндө да элдин эркин сыйлап, эгемен өлкөнүн эртеңи үчүн кызмат кылган. Андыктан, даңазалуу саясий ишмердин өмүрү мамлекеттик кызматка аттанган ар бир адам үчүн үлгү”, – деди.
СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССРинин жана эгемен Кыргызстандын Жогорку Кеңештерине бир нече жолу депутат болуп шайланганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Эл өкүлү катары мыйзам чыгаруу ишине да жигердүү катышып, өнөр жай, билим берүү өңдүү тармактардын өнүгүшүнө багытталган демилгелердин башында турган”, – деп кошумчалады. Муну менен катар Эл баатырынын быйылкы 90 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде өтүшү керектигин айткан төрага Жогорку Кеңеште да бул боюнча тийиштүү иш-чаралар мерчемделгенин маалымдады.
Андан тышкары, Маданият министри Алтынбек Максутовдун алып баруусунда өткөн эскерүү иш-чарасында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев да сөз сүйлөштү.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-майда соцтармактагы баракчасына бир маселе боюнча сурамжылоо кылып коёюн деп чечкенин жазды. Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарындагы...
Кечээ, 4-май күнү Орусиянын Москва шаарында "Ак Нур" коомдук бирикмесинин төрайымы Асылкан Төлөнбаеванын демилгеси менен 100дөн ашуун энелердин башын бириктирген...
"Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес". Бул тууралуу электр энергиясына болгон тарифтин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрмө берип...
30-июнда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде)...
30-июнга белгиленген Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң...
Кыргыз тарыхын артка карап кылчайып карасак, кыргыз эли башынан эле эл-жер учун канын-жанын, аябаган, акылын, мээнетин жумшап элдин Эл болуп жашап, бутундугун сактап калуусуна чон салым кошушкан Эр азаматтарды макташып, данкташып ооздон тушурбой кылымдар бою айтып келишет. Адам Бир олот, бирок Эл учун жасалган АК эмгек, жер учун жасаган эрдик туболукко кыргыз эли бар чакта аныз болуп таскагын жарган кулуктой данкталып улам бийиктеп айтыла берет. Мына ошондой Эл учун акылын, билимин аябай иштеп АК эмгегин элине калтырган А.Масалиевдин да омуру, баскан жолу ЖКнын спикери Н.Шакиев айткандай канча жаштарга улгу болуп, алдыга жетелейт. Ырыскылуу элибиздин уучу куру эмес, туболук данктаган Эл уулдарынын катарын толуктаган учурдун, эртендин тарых барагында данкталчу азаматтары бар. Алардын катарын толуктаган Нурланбек Шакиев ондуу элдин эн жонокой жашоосун сезип, туюп, барын башынан коруп-билген, элге жакын, бутундой билимин элге деп жумшап, мурунку улуу инсандардын омурун орнок кылып алдыга койгон, элдин эртенин ойлогон уулдарынын саны уланууда. Кыргыз элинин ырыскысы кобойсун, элге деп Жан уроп, элдин жыргалын ойлогон Эл уулдарынын катары улана берсин демекчимин!