Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2020-2021-окуу жылынын аякташына жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө байланыштуу райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда, орто жалпы билим жөнүндөгү аттестаттарды тапшыруу мектептерде бүгүн, 24-июнда өтөт.
«Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө мектептердин аймагында иш-чаралардын санитардык нормаларды сактоо, бүтүрүүчүнүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөсүн гана катыштыруу менен өткөрүлүшүн контролдоо, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери менен жакшылап иштешүү тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.
Аттестаттарды тапшыруу маалында тартиптин камсыздалышы, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн жана саламаттыгынын сакталышы үчүн жекече жоопкерчилик жалпы билим берүү уюмдарынын жана райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине артылды. Аттестаттарды тапшыруу менен байланышкан шаан-шөкөттөрдү өткөрүүгө, ошондой эле кафе-ресторандарда жана башка көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү кечелерин уюштуруу үчүн акча каражаттарын чогултууга жол берилбейт.












