12-13-октябрда Бишкекте троллейбустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
12-13-октябрда борбор калаада КМШ мамлекет башчыларынын саммитинин өтүшүнө байланыштуу № 6,11,14 троллейбустук каттамдар токтотулат.
Кээ бир троллейбустардын маршруттук схемалары өзгөрөт: №5 каттам Тунгуч кичи районунан — 8 — кичи районуна чейин; №2 жана №10 маршруттук каттамдар Чүй проспектисине кирбестен, өз схемасы боюнча иштейт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.








