Бүгүн канаттуулардын эл аралык күнү. Кыргызстанда канча канаттуунун түрү Кызыл китепке киргенин билесизби?

Жылуу жактардан канаттуулардын кайтып келишинин урматына жыл сайын апрель айынын башында дүйнө канаттуулардын эл аралык күнүн белгилейт. Буга байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү программасы Биологиялык ар түрдүүлүктүн уникалдуу өкүлдөрү болгон канаттууларды коргоо жана сактоо үчүн бир катар экологиялык иш-чараларды өткөрүп жатканын маалымдады.

Алар:
— жергиликтүү бирикмелер арасында түшүндүрүү иштерин жана экологиялык агартуу иш-чараларын уюштуруу: сүрөт көргөзмөлөрү, мектеп окуучулары арасында сынактар, Батыш Тянь-Шандын канаттуулары жөнүндө китепти басып чыгаруу жана “Окрыляющая мода 2019” мода көргөзмөсү;
— экотуризмдин популярдуу багыты катары бёрдвотчингди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар;
— БУУӨП/ГЭФ «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында Токтогул районунун эко-активисттеринин демилгеси колдоого алынды. Канаттууларга байкоо жүргүзүүчү аянтча, негизинен жергиликтүү санитар канаттуу — кумайга байкоо жүргүзүү үчүн жакында иштей баштайт. Бул жер дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген туристтерди жана бёрдвотчерлерди өзүнө тартып, куштардын азык-түлүк чынжырындагы маанилүү ролуна көңүл бурат.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда канаттуулардын 407 түрү бар, анын 57 түрү өлкөнүн Кызыл китебине кирген.