Royal
SerepTV Logo

Бүгүн Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат

Бүгүн Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Иш-чара коронавирус инфекциянын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулган жана бардык катышуучулар алдын ала ПЦР-тест тапшырышкан. "Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат", - деп айтылат маалыматта.